Бүткүл дүйнөлүк калктар күнү: Цифрлар жана фактылар
Publications: 11.07.2023
БУУнун Башкы Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында эл аралык майрам – Бүткүл дүйнөлүк калктар күнүн (World Population Day) белгиледи, аны калктын жайгашуу маселелерине көңүл бурдуруу, жалпы өнүгүү программаларына жана жалпы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө үчүн жыл сайын 11-июлда белгиленет. Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк калктар күнү белгилүү бир темага арналат. 2023-жылы республиканын кеңири коомчулугунун назарына кыялдарды ишке ашырууга жардам берүү үчүн гендердик теңчиликти илгерилетүү зарылдыгын эскерип, "Гендердик теңчиликтин күчүн жогорулатуу: дүйнөбүздүн чексиз мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн аялдар менен кыздардын үнүн күчөтүү" деген жаңы ураан сунушталды.
Кыргызстан үчүн акыркы он жылда калктын санынын өсүшүнүн жогорку көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлдү (жылына 2,0-2,1%), бирок 2020-2022-жылдары калктын өсүү темпи 1,7-1,8% га чейин төмөндөгөн. Анын төмөндөшүнө COVID-19 менен байланышкан өлүмдүн өсүшү, ошондой эле төрөттүн деңгээлинин кыскарышы олуттуу таасирин тийгизди. Ошого карабастан, калктын санынын өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Ош (3,1%) жана Бишкек (2,8%) шаарларында, Баткен облусунда (2,0%), эң төмөнкү денгээли – Ысык-Көл (0,9%) жана Нарын (0,6%) облусутарында белгиленди.
2023-жылдын башында республикасынын калкынын саны 7 миллион 038 миң адамды түзгөн. Ошол эле учурда, басымдуу үлүшү айыл калкына – болжол менен 65%, же 4 млн. 584 миң адам туура келген, ал эми шаар калкынын үлүшү 35% дан көбүрөөк, же 2 млн. 454 миң адамды түздү.
2022-жылы эркектерге караганда аялдардын санынын басымдуулугу сакталды, бул жалпы республиканын калкы үчүн мүнөздүү. 2023-жылдын башында эркектер саны 3 млн. 480 миң адамды (49,5%) жана аялдар – 3 млн. 557 миң (50,5%) түзгөн, бирок төрөт көп болгон региондордо (Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында) эркектердин саны аялдардын санынан басымдуулук кылат.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ЖААК органдарынын маалыматы боюнча, 2022-жылы 150,2 миң төрөт катталган (2021-жылы 150,2 миң). Ошол эле учурда, төрөлгөндөрдүн жалпы санындагы кыздардын (49%) жана эркек балдардын (51%) салыштырма салмагы акыркы бир нече жыл аралыгында өзгөрүүсүз калган.
Мурунку сыяктуу эле, эненин бала төрөлгөндө орточо жашы 28,1 жашты түзгөн. Мурдагыдай эле, ымыркайлардын көбү 20 жаштан 30 жашка чейинки аялдардан төрөлөт (төрөлгөн балдардын 60% дан көбүрөөк), бирок акыркы жылдары ушул курактан улуу аялдар төрөгөн учурлардын өсүшү белгиленүүдө.
Муну менен катар, никеге турганга чейинки курактагы (15-17 жаштагы) кыздардын төрөт көрсөткүчү 2021-жылдагы ушул курактагы 1000 кызга 3,6 баладан 2022-жылы 3,0 балага (16,7% га) чейин төмөндөгөн. Никеге турганга чейинки курактагы кыздардын төрөтүнүн эң жогорку көрсөткүчү Ысык-Көл жана Чүй облустарында байкалган, анда 2021-жылы республикалык көрсөткүчтөн 1,2-1,7 эсеге ашкан.
2022-жылы 1000 тургунга 21,5 ымыркай төрөлгөн. Эң жогорку көрсөткүч Ош, Бишкек шаарларында, ошондой эле Баткен облусунда белгиленди.
Аймактар боюнча төрөлгөндөрдүн саны
(калктын 1000ине, промилле)
Демографиялык статистика бөлүмү e-mail: gabdullaeva@stat.kg; тел. + 996 (312) 325546, 324636.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)