2017-жылдагы “Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени” басылып чыкты
Publications: 02.03.2018
Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетени 2017-жылы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо абалынын талдоосун камтыйт. Анда азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүү көрсөткүчтөрү, аны калктын адам башына керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилген жана системалаштырылган (тутумдаштырылган).
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2017-жылдагы азык-түлүк теңдеминин базалык тамак-аш азыктары боюнча баалоочу маалыматтар, 2017-жылдын 9 айында 5016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалыматты «Басылмалар» бөлүгүнөн караңыз.
________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы Үй чарба статистикасы бөлүмү
|
| e-mail:gsamohleb@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарга, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таркатуу учурунда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).