2019-жыл үчүн “Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетень” басылып чыкты
Publications: 02.03.2020
Бюллетень 2019-жылда өлкөдө азык-түлүк менен камсыздоонун абалынын талдоосун камтыйт. Анда азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүүнүн көрсөткүчтөрү, аны калктын киши башына керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилген жана системалаштырылган (тутумдаштырылган).
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2019-жылдын 9 айы үчүн 5016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалыматты «Басылмалар» бөлүгүнөн караңыздар.
________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы
Үй чарба статистикасы бөлүмү
|
| e-mail: NKerimalieva@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324691
| e-mail:y.kalymbetova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарга, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таркатуу учурунда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).