“Кыргызстандын балдары” статистикалык жыйнак басылып чыкты
Publications: 25.05.2015
Жыйнак Кыргыз Республикасындагы балдардын абалын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү камтыйт. Басылмада демографиялык абал, балдардын ден-соолугу жана билими, балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулук, алардын бош убактысы, балдары бар үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээли жана өспүрүмдөрдүн экономикалык активдүүлүгү жөнүндө маалыматтарды көрсөткөн жети бөлүм камтылган. 2007-жылдагы балдар эмгегин изилдөөнүн, үй чарбанын жана жумушчу күчүнүн бир жолку тандама изилдөөсүнүн натыйжасы боюнча маалыматтар келтирилди.
Жыйнак кыргыз, орус жана англис тилдеринде басылып чыкты.
Жыйнакты сатып алуу маселелери боюнча Улутстаткомдун БЭБинин маркетинг кызматына кайрылыңыздар тел.+996 (312) 32-47-03.
_________________________________________________________________________________________________________
Отдел социальной статистики | e-mail: j.rahmanova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 32 46 52
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдү таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).
