2022-жылы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы боюнча биринчи китеп басылып чыкты

Publications: 27.02.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан «Калктын негизги социалдык-демографиялык мүнөздөмөлөрү» аталышындагы биринчи китеп басып чыгарылды.

Жыйнак өлкөнүн аймагы боюнча калктын саны жана жайгашуусу, анын жынысы, жаш курагы жана улуттук курамы, тил билүү деңгээли, никелик абалы, калктын киреше булактары, калктын миграциясы жана калктын турак жай шарттары жөнүндө аналитикалык маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле анда тематикалык карталар, графика жана таблицалар берилди.

Каттоонун жүрүшүндө алынган жыйынтыктар боюнча 2022-жылдын 25-мартына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 миллион 936 миң адамды, анын ичинен шаар калкынын саны - 2 миллион 408 миң адамды жана айыл калкынын саны -
4 миллион 528 миң адамды түзгөнүн белгилей кетүүгө болот. 2009-жылдагы каттоодон кийин өткөн он үч жылдын ичинде республиканын туруктуу калкынын саны 1 миллион 573,4 миң адамга же 29,3 пайызга, анын ичинде шаар калкынын саны - 581 миң адамга, же 31,8 пайызга, айыл калкынын саны - 992,3 миң адамга же 28,1 пайызга көбөйдү.

Кийинчерээк Улутстаткомдун басылмаларынын графигине ылайык, эл жана турак жай фондун каттоонун толук жыйынтыктары, анын ичинде калктын географиялык, демографиялык, экономикалык жана социалдык белгилери, тышкы жана ички миграция, үй-бүлөлөрдүн жана үй чарбаларынын белгилери, турак жайлардын белгилери камтылган тематикалык жыйнактар басылып чыгат.

Эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктары боюнча басылмалар графиги

Басылманын аталышы

Даярдоо мезгили

Басып чыгаруу мөөнөттөрү

2023-жыл

1

I китеп

2022-жылы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун

кыскача жыйынтыктары

2022-ж. декабры –2023-ж. январы

2023-ж.
I кв.

2

II китеп, 1-бөлүк

Кыргыз Республикасынын эли

2023-ж. январь–майы

2023-ж. II кв.

 

III китеп

Кыргыз Республикасынын аймактары:

2023-ж.

май – сентябры

2023-ж.

III-IV кв.

3

Баткен облусу

4

Жалал-Абад облусу

5

Ысык-Көл облусу

6

Нарын облусу

7

Ош облусу

8

Талас облусу

9

Чүй облусу

10

Бишкек шаары

11

Ош шаары

12

II китеп, 2-бөлүк

Кыргыз Республикасынын элинин экономикалык активдүүлүгү жана иш менен камсыздуулугу

 

2023-ж. сентябрь-ноябры

2023-ж.
IV кв.

2024-жыл

13

II китеп, 3-бөлүк

Кыргыз Республикасынын элинин миграциясы

2023-ж. октябрь-декабры

2024-ж.
I кв.

14

IV китеп

Кыргыз Республикасынын элинин турак жай фонду жана жашоо шарттары

2024-ж.

январь-марты

2024-ж.

II кв.

15

V китеп

Кыргыз Республикасынын үй чарбалары жана үй-бүлөлөрү

2024-ж.

апрель-июну

2024-ж.

III кв.

16

VI китеп

2022-жылы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоо.

Негизги уюштуруучулук жана методологиялык жоболор.

Жыл ичинде

2024-ж.
декабры


Last updating: 28.02.2023, 10:27