Улутстатком менен ЖОЖдордун өз ара кызматташуусу: статистикалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу

Publications: 31.05.2024


31-май 2024-жылы Улуттук статистика комитетинде төрага Бактыбек Кудайбергеновдун М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улутстаткомдун төрагасы үстүбүздөгү жылдын 21-23-майында Москвада өткөн статистика боюнча экинчи эл аралык студенттик олимпиадага ийгиликтүү катышкандыгы үчүн окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык каттарын тапшырды.

Олимпиада КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитети тарабынан г.в. Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин колдоосу менен уюштурулган.

Мелдешке Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан 13 команда катышты. И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин жана М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенттери туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү темасындагы чыгармачылык жана изилдөө тапшырмаларын аткарууда, ошондой эле жекече тестирлөөдө жогорку натыйжаларды көрсөтүштү.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов КМШ мамлекеттеринин арасында статистикалык коомчулукту түзүү жана билим берүү чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөө үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ЖОЖдорду колдоону улантууга жана Кыргызстанда статистикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Улутстаткомдун өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен кызматташуусу улантылат жана Улутстатком мындан ары да билим берүү мекемелерине статистика жаатындагы адистерди даярдоо деңгээлин жогорулатууга ар тараптуу колдоо көрсөтөт.

 

 


Last updating: 31.05.2024, 18:22