2016-жылдын январь-майында кээ бир негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын өсүүсү байкалды

Publications: 10.06.2016


Алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн    инвестициянын көлөмү 2016-жылдын январь-майында 30 млрд. сомду түзүп, бул өткөн жылдын деңгээлинен 0,3 пайызга жогору. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 1,9 пайызга өстү, ал эми тышкы булактардын эсебинен тескерисинче, 5,7 пайызга кыскарды.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 78 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, транспорт ишмердиги, билим берүү жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган.

Үстүбүздөгү жылдын январь-майында 272,7 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,1 пайызга аз.

 

 

______________________________________________________________________

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 10.06.2016, 11:24