2024-жылдын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктап жатат

Publications: 14.11.2024


Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата дан эгиндеринин абалы боюнча (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 593,4 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 2,4 пайызга көп. Ошол эле учурда 99 пайыз аянт жыйналды. Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 2,1 млн. тонна дан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга көп. Дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 35 центнерди түздү, бул былтыркыдан 7,4 центнерге жогору. Айрыкча жогорку түшүмдүүлүк гектарына  Жалал-Абад облусунда – 45, Ош – 39, Чүй – 36 жана  Талас облусунда  – 35 центнерден айланган.
 
23-октябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы
                           (миң тонна)
 

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата

 

2023

2024

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га

579,5

593,4

13,9

102,4

Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (алгачкы кабыл алынган салмакта)

1 615,0

2 094,5

479,5

129,7

1 гектардан, ц

27,9

35,3

7,4

126,5

Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта)

464,2

701,0

236,8

151,0

   1 гектардан, ц

20,1

29,2

9,1

145,3

Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта)

403,2

646,3

243,1

160,3

   1 гектардан, ц

16,7

26,1

9,4

156,3

Жыйналган дан жүгөрү

746,2

742,6

-3,6

99,5

   1 гектардан, ц

69,8

71,5

1,7

102,4

Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта)

74,8

82,2

7,4

109,9

1 гектардан, ц

14,2

15,5

1,3

109,1

Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр

15,5

18,6

3,1

120,0

   1 гектардан, ц

10,5

13,0

2,5

123,8

Казылган кант кызылчасы (фабрикалык)

424,6

477,5

52,9

112,5

   1 гектардан, ц

479,8

544,6

64,8

113,5

Жыйналган тамеки (физикалык салмакта)

1,5

0,9

-0,6

63,0

Жыйналган пахта-чийки зат (физикалык салмакта)

59,9

43,6

-16,3

72,8

Казылган картошка аянты, миң га

72,4

66,4

-5,9

91,6

Жыйналган картошка

1 272,8

1 167,9

-104,9

91,8

   1 гектардан, ц

175,6

175,9

0,3

100,1

Бастырылган  күрүч (алгачкы кабыл алынган салмакта)

48,0

49,3

1,3

102,7

Жыйналган жашылчалар

1 128,8

1 132,2

34,3

100,3

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү

233,3

277,4

44,1

118,9

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү

272,8

344,9

72,1

126,4

 
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда арпанын дүң жыйымы - 60,3 пайызга, буудай - 51,0 пайызга, бакча өсүмдүктөрү - 18,9 пайызга, кант кызылчасы - 12,5 пайызга өскөн. Өндүрүштүн өсүшү арпа гектарына - 9,4 центнерге, буудай - 9,1 ге, бакча өсүмдүктөрү -18,6 жана кант кызылчасы - 64,8 центнерге түшүмдүүлүктүн жогорулашы менен байланыштуу.
 
Муну менен катар, тамекинин -37,0 пайызга, пахтанын - 27,2 пайызга, картошканын - 8,1 пайызга жана жүгөрүнүн - 0,5 пайызга дүң жыйымы азайган. Өткөн жылга салыштырмалуу дүң түшүмдүн азайышы, 2024 - жылдын түшүмү үчүн айдоо аянттарынын тамеки - 42,0 пайызга, пахта - 26,9 пайызга, картошка – 8,4 пайызга, жүгөрү – 2,9 пайызга төмөндөшү менен шартталган.

___________________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 

Last updating: 14.11.2024, 11:23