Кыргызстандагы аялдар: фактылар жана статистика
Publications: 06.03.2026
Жыл сайын 8-мартта дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Эл аралык аялдар күнү белгиленет. Бул майрам 1975-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан расмий таанылган жана бүгүнкү күндө аялдардын укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана эл аралык тилектештик үчүн күрөштүн символу болуп саналат.
2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллион адамга жетти. Өлкөнүн демографиялык түзүмүндө аялдардын саны эркектерге караганда бир аз көбүрөөк болуп, алардын үлүшү 50%дан ашат. Аялдардын орточо жаш курагы 30 жашты, ал эми эркектердики 28 жашты түзөт.
Кыргызстанда аялдар орто эсеп менен эркектерге караганда узагыраак жашашат. 2024-жылы аялдардын күтүлгөн өмүр узактыгы 77 жаш, ал эми эркектердики 68 жаш болду. Мындай айырмачылыктын негизги себептеринин бири — эркектер арасындагы өлүм-житим деңгээли аялдарга салыштырмалуу 1,6 эсе жогору болушу.
Калктын жаш курактык түзүмүнүн жаш болушу никеге туруу көрсөткүчүнө да таасир этет. 2024-жылы өлкөдө 45 миңден ашуун аял никеге турган, алардын 87%ы биринчи жолу турмушка чыккан. Биринчи жолу турмушка чыккандардын негизги бөлүгү 18–29 жаш курагына туура келет жана бул көрсөткүч жалпы биринчи никеге тургандардын дээрлик 87%ын түзөт. Биринчи никеге туруу боюнча орточо жаш курак 24 жаш, ал эми кайра никеге туруу — 35 жаш.
Төрөт боюнча айтсак, Кыргызстанда орточо эсеп менен бир аял үч бала төрөйт. Жаңы төрөлгөн балдардын саны бир аз азайганы байкалат: 2020-жылы 158 миң болсо, 2024-жылы 140 миңди түзгөн. Ошого карабастан, төрөт деңгээли калктын жөнөкөй кайра өндүрүлүш деңгээлинен жогору бойдон калууда, бул өлкө калкынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Аялдар өлкөнүн экономикасында да маанилүү ролду ойношот. 2024-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээли 48,7%ды, ал эми иштеп жаткан аялдардын орточо жашы 41 жашты түзгөн. Аялдар көбүнчө билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык кызмат көрсөтүү, мейманкана жана ресторан иши, ошондой эле соода тармактарында иштешет.
Ошол эле учурда эмгек акы боюнча гендердик айырма сакталууда. 2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, аялдардын орточо эмгек акысы эркектердин эмгек акысынын 65,7%ын түзөт. Мындай айырма негизинен иш менен камсыз болуунун тармактык түзүмүнө байланыштуу.
Билим берүү тармагында да аялдар басымдуулук кылат. 2024/2025-окуу жылынын башында мектеп мугалимдеринин 87%ын аялдар түзгөн. Ошондой эле билим берүү мекемелеринде окуган студенттердин арасында да кыздар көп. 2024-жылы орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуган студенттердин 58%дан ашыгын, ал эми жогорку окуу жайларда болжол менен 55%ын кыздар түзгөн.
Аялдар убактысынын чоң бөлүгүн үй чарбасына да жумшашат. Орточо эсеп менен алар күнүнө 4 саат 40 мүнөттү үй иштерине коротушат, бул алардын убактысынын 19%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч беш эседен да аз.
Айыл жеринде жашаган аялдар үй иштерине көбүрөөк убакыт бөлүшөт — күнүнө орточо 5 саат, ал эми шаардагы аялдар болжол менен 4 саат убакыт коротушат.
Жумуштан жана үй иштеринен тышкары аялдар эс алууга да убакыт табышат. Орточо эсеп менен алар жумасына 2 саат 20 мүнөттөй убакытты активдүү эс алууга арнашат.

