23-феврал - Кыргыз Республикасынын Мекенди коргоо күнү: цифралар жана фактылар
Publications: 22.02.2018
23-феврал күнү Кыргыз Республикасында Мекенди коргоо Күнү болуп белгиленет.
Республиканын калкынын жалпы санынан эркектердин салыштырмалуу салмагы - 49,5% түзүп, көп мезгилден бери өзгөрүүсүз калып келүүдө. Республикада 2017-жылдын башында эркектердин саны 3 млн. ашык адамды түзгөн.
Республиканын эркек калкынын үчтөн экиси – айыл тургундары. Ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында жашайт.
Иш-аракеттер тармагынын бир да чөйрөсү эркекетин катышуусусуз жүрбөйт. Эмгекке жөндөмдүү жаштагы эркектердин жумуш менен камсыздалган деңгээли абдан жогору жана ал 76% түзөт. Иштеген эркектердин орточо жашы 37 жашты түзөт. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир алтынчы эркектин жашы 25-29 жаш курагындагылар. Курулуш, транспорттук камсыздоо (жабдуу) жана жүктөрдү сактоо, электрэнергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба, пайдалуу кен казуу сыяктуу иш-аракеттердин артыкча ушул түрлөрү «эркектердин» жумушу болуп саналат.
2016-жылы никеге турган эркектердин саны 48 миңди түздү. Эркектер 20-29 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет. Ушул эле учурда биринчи жолу үй-бүлө түзгөндөрдүн саны 43 миң эркекти түзгөн. Никеге турган ар бир үчүнчү эркек 20–24 жаш курагында же 25–29 жаш курагында болгон.
2016-жылы никеге биринчи жолу турган эркектердин орточо жашы 27,1 жашты, ал эми экинчи жолу никеге тургандар - 40,2 жашты түзгөн.