Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу жана Ак Калпак күндөрүнө арналган иш-чара Улутстаткомдо өткөрүлдү

Publications: 05.03.2025


Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Мамлекеттик Туу жана Ак Калпак күндөрүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
 
Иш-чараны Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев ачып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпактын жаралуу тарыхы жана мааниси тууралуу кеңири сөз кылды. Ал Мамлекеттик туунун жана Ак калпактын кыргыз эли үчүн маанилүү улуттук символдор экенин белгилеп, элдин биримдигин, эркиндигин жана тынчтыгын сактоо үчүн аларга аяр мамиле кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
 
Улутстаткомдун кызматкерлери Мамлекеттик туунун символикасын жана анын тарыхын, ошондой эле Ак калпактын кыргыз маданиятындагы ордун жана маанисин чагылдырган чыгармаларды аткарышты. Иш-чара көркөм окуулар, комуз күүсү менен коштолуп, кыргыз элинин тарыхы жана улуттук руху дагы бир жолу эскерилди.
 
Бул иш-чара өлкөнүн улуттук символдорун урматтоо жана алардын маанисин өзгөчө белгилөө максатында уюштурулду.

Last updating: 05.03.2025, 14:09