Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Сандар жана фактылар
Publications: 01.06.2026
Кыргыз Республикасы калктын жаш курамы менен айырмаланат: жалпы калктын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгын (37 пайызын) 0-17 жаштагы балдар түзөт.
2026-жылдын башына карата балдардын саны 2 млн. 730 миң адамды түздү, анын ичинен 1 млн. 403 миң адам (51%) эркек балдар жана 1 млн. 327 миң адам (49 пайызы) кыздар. 2025-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 15 миң адамга же 0,6 пайызга көбөйдү.
Балдардын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы (37%) шаар жергесинде, ал эми дээрлик үчтөн экиси (63 пайыз) айыл жергесинде жашашат.
0-17 жаштагы балдардын эң жогорку үлүшү Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Нарын облустарында (жалпы калктын санынын 38-43%ы) байкалса, эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында (24%) катталган.
Үстүбүздөгү жылдын башына карата балдардын жалпы санынын 38%ы 7 жашка чейинки балдарга (1 млн. 45 миң адам), 46%ы 7-14 жаштагыларга (1 млн. 258 миң адам) жана 16%ы 15-17 жаштагы өспүрүмдөргө (427 миң адам) туура келди.
2025-жылы өлкөдө 140 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен дээрлик 72 миңи эркек бала жана 68 миңден ашыгы кыздар.
Салт боюнча, ымыркайлардын эң көп санын 20-29 жаш курактагы аялдарда төрөгөн (2025-жылы төрөлгөн балдардын 55%ы).
2025-жылдын соңуна карата республиканын аймагында 2 миңден ашык мектепке чейинки билим берүү уюмдары болгон, алардагы балдардын саны 276 миңден ашкан.
2025/2026-окуу жылынын башына карата республикада 1,6 млн. бала окуган 2,4 миң күндүзгү жалпы билим берүү уюмдары иштеген.
****************************************************************************************************************************************
