2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 9 пайызды түздү

Publications: 14.01.2025


Ички дүң продукт 2024-жылдын январь-декабрында алдын ала баалоо боюнча 1,5 триллион сомдун ашыгын түздү жана 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9,0 пайызга өстү.
2024-жылдын январь-декабрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 585 миллиард сомдон ашып, 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу тазаланган мунайзат продуктулардын көлөмүнүн (1,9 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин (30,5 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (20,1 пайызга), текстиль жана кийим-кече өндүрүшүнүн (15,3 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (21,7 пайызга), резина, пластмасса буюмдарынын жана курулуш материалдарынын (10,8 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (4,0 пайызга) өсүшүнүн эсебинен 5,5 пайызга көбөйдү.
Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 18,0 пайызды, дүң жана чекене соода – 18,5 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы - 6,3 пайызды түздү.
 
2024-жылдын январь-декабрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 6,3 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалар 11,4 пайызга, азык - түлүк эмес товарлар - 5,1 пайызга, тамак - аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар-5,4 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер-8,1 пайызгы жогорулады.
2024-жылдын декабрында мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү республиканын бардык региондорунда катталды. Мында алардын максималдуу жогорулашы (7,7 пайызга) Ысык-Көл облусунда байкалган, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалардын (15,1 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (10,7 пайызга) кыйла өсүшү менен шартталган. Тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын максималдуу жогорулашы (6,7 пайызга) Бишкек шаарында, ал эми азык-түлүк эмес товарларга (8,0 пайызга) - Ош шаарында катталды.
 
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-ноябрында 14,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 3,7 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,3 пайызга өстү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 0,8 пайызгы төмөндөдү.
2024-жылдын январь-ноябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,5 млрд.АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,1 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,2 пайыз) жана Казакстанга (26,9 пайыз) туура келди.  
 

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                      Экспорт

 

 

Презентациялар:

1.2024-жылдагы керектөө бааларынын жана тарифтеринин өзгөрүлүшү тууралуу

2. ЖАШОО МИНИМУМУ 2024-жылдагы калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн

****

 

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык  системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Last updating: 14.01.2025, 11:25