«Кыргыз Республикасынын өнөр жайы 2021-2025» жыйнагы басмага даярдалды

Publications: 06.11.2026


Бул басылма 2021-2025-жылдардагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын өнүгүшүн мүнөздөгөн экономикалык баянды, таблицалык жана графикалык материалдарды камтыйт. 2025-жылдагы өнөр жайдагы жаңычыл процесстердин кыскача талдоосун камтыйт.

Экономикалык ишмердиктин түрү, нарктык жана натура түрдөгү аймактар боюнча өндүрүлгөн өнөр жай продукциялардын көлөмү, негизги каражаттардын наркы жана алардын пайдалануусу, ошондой эле өнөр жай секторунда иштегендердин орточо жылдык саны  жөнүндө маалыматтар келтирилген.

Кененирээк таанышуу үчүн “Басылмалар” бөлүмүн караңыздар.

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун маркетинг кызматына кайрылууңуздарды сунуштайбыз.

тел. + 996 (312) 324703

__________________________________________________________________

   

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү |e-mail: a.mamanova@stat.kg |

тел. + 996 (312) 664044

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын расмий статистика жөнүндө мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 06.11.2026, 13:49