«Кыргыз Республикасындагы социалдык тенденциялар» басылмасы басууга даярдалды

Publications: 30.12.2024


“Кыргыз Республикасынын Социалдык тенденциялары, 2019-2023” басылмасы 2023-жылы мурдагы жылдарга салыштырганда республиканын социалдык чөйрөсүндө болгон кубулуштарды жана процесстерди толук чагылдырган Улуттук статистикалык комитеттин аналитикалык басылмасы болуп саналат.

Басылма статистика органдары тарабынан ишканалардан, уюмдардан жана калктан эл каттоо, тандалма изилдөөлөр жана статистикалык байкоонун башка формалары аркылуу алынган маалыматтардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун маалыматтарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын материалдарынын негизинде даярдалган.

Калк, анын иш менен камсыз болушу жана жыргалчылык деңгээли тууралуу маалыматтар кеңири чагылдырылган. Басылманын өзүнчө бөлүмү калкты каттоонун жыйынтыгы боюнча даярдалган үй чарбаларына жана үй-бүлөлөргө арналган. Атайын бөлүмдөр социалдык чөлкөмдүн негизги багыттарынын мүнөздөмөлөрүнө арналган.

Басылма 70ке жакын графиктерди жана 100гө жакын таблицаларды камтыйт, алар үчүн түшүндүрмө текст менен толукталган.

Берилген маалыматтар эл аралык методологияга ылайык эсептелет, бул колдонуучуга аларды башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууга мүмкүндүк берет.

Жыйнактын электрондук версиясын колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун расмий сайтында  "Басылмалар" бөлүмүндө жеткиликтүү.

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 31.12.2024, 16:57