"Кыргыз Республикасынын айлана- чөйрөсү 2019-2023 " статистикалык басылмасы басууга даярдалды

Publications: 06.11.2024


«Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсү 2019-2023» боюнча жыйнагы жер, суу ресурстары жана аларды колдонуу, республиканын аймагында катталган флора жана фаунанын түрдүүлүгү, атмосфералык абанын абалы, өндүрүштүн жана керектөөлөрдүн калдыктары, аларды кайра керекке жаратуу боюнча иш-чаралар, айлана-чөйрөнү коргоого карата чыгымдар, ошондой эле республиканын айрым социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты камтыйт.

Алардын орчундуу бөлүгүн иштеп чыгуу жана жайылтуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлгөн, 65 көрсөткүчтөн турган, «жашыл өсүштүн» улуттук индикаторлору өзүнчө бөлүк менен берилди (Кененирээк “Басылмалар” бөлүмүндө).

___________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы |e-mail: tmambetaliev @stat.kg;

|тел. + 996 (312) 32 46 91

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана  тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө  милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).

 


Last updating: 09.11.2024, 11:54