ПРЕСС-РЕЛИЗ
Publications: 16.11.2026
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү сакталды
2026-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукт, алдын ала баалоо боюнча, 1 866,4 миллиард сомду түздү жана 2025-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 10,5 пайызга көбөйдү.
2026-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 770,9 млрд сом өлчөмүндө түзүлдү. Мында 2025-жылдын январь-октябрь айларына карата физикалык көлөмдүн индекси 105,2 пайызды түздү.
2025-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын (10,1 пайызга), фармацевтикалык продукцияны (13,5 пайызга), курулуш материалдарын (29,3 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердүүлүк продукциясын (36,5 пайызга), транспорт каражаттарын (38,3 пайызга), тазаланган мунай продуктуларын (1,8 эсеге), химиялык продукцияны (2,4 эсеге) өндүрүү көлөмүнүн жогорулашы, ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (7,5 пайызга) өсүшү менен камсыздалды.
Оң тенденциялар курулушта да байкалып, анда көлөмдөр 1,6 эсеге, айыл чарбасында - 4,7 пайызга, ошондой эле дүң жана чекене соодада - 4,3 пайызга көбөйдү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 8,8 пайызды түздү. Мында тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 7,7 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына — 8,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга — 7,6 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 12,2 пайызга жогорулады.
Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (17,1 пайыз) тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (11,4 пайызга), алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (28,4 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (13,0 пайызга) баалардын жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (29,5 пайызга) жогорулашынын эсебинен Ош облусунда катталды.
2026-жылдын январь-сентябрь айларында республиканын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 14,1 млрд АКШ долларын түздү жана 2025-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 16,6 пайызга көбөйдү.
2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 5,2 млрд АКШ долларын түздү жана 2025-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 11,3 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 8,2 пайызга төмөндөсө, импорттук түшүүлөр, тескерисинче, 16,5 пайызга көбөйдү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (61,5 пайыз) жана Казакстанга (35,2 пайыз) туура келди.
Кыргыз Республикасынын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык тутуму болуп саналган Улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму рынок экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Дареги: Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. менен кесилишет).
Биз жеткиликтүүбүз:
www.stat.gov.kg |
|
|
тел. 625747 |
|
|
