Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын рейтинги
Publications: 01.10.2020
Рейтингде экономиканын реалдуу секторунун 20 858 ишканаларынын маалыматтары колдолонулду.
Жыйынтыкталган рейтинг 2019-жылдын маалыматтары боюнча беш көрсөткүч боюнча түзүлдү:
- Кызматкерлердин тизмелик саны;
- Продукциялардан, товарлардан, жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча (жүгүртүү);
- Продукцияларды, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүүдөн түшкөн дүн киреше жана башка операциялык кирешелер (түшкөн акча + башка операциялык ишмердиктен киреше – сатылган товарлардын наркы);
- Операциялык ишмердиктен түшкөн пайда, чыгым;
- Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайдадан чыгаша кемитилет).