ЕАЭБ мамлекеттеринин борборлорундагы социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарына болгон чекене баалар.
Publications: 30.04.2021
Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын мартында ЕАЭБ мамлекеттеринин калган борборлору менен салыштырганда негизги тамак-аш азыктарынын максималдуу орточо керектөө баалары, жумуртканы кошпогондо, Москва шаарында катталды.
Таблица: 2021-жылдын мартында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ)мүчө-
мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары
(килограмм үчүн АКШ доллары1)
|
Бишкек ш. |
Нур-Султан ш. |
Москва ш. 2 |
Минск ш. 2 |
|
Уйдун эти |
5,34 |
5,61 |
6,03 |
3,88 |
|
Койдун эти |
5,18 |
6,16 |
7,46 |
- |
|
Ак (каймак) май |
3,70 |
7,43 |
11,72 |
6,84 |
|
Пастеризацияланган сүт, литр |
0,67 |
0,66 |
0,99 |
0,65 |
|
Жумуртка, ондук |
1,24 |
1,11 |
1,14 |
1,00 |
|
Биринчи сорттогу буудай уну |
0,46 |
0,53 |
0,68 |
0,50 |
|
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан |
0,56 |
0,40 |
0,89 |
0,51 |
|
Картошка |
0,40 |
0,29 |
0,50 |
0,48 |
|
1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.
(-) - Өкүл - товардын жоктугу.
2021-жылдын мартында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен жумурткага болгон максималдуу орточо чекене баа (ондук үчүн 1,24 АКШ доллары) Бишкек шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (ондук үчүн 1,00 АКШ доллары) - Минск шаарында катталды. Ушул эле мезгилдин ичинде уй этинин (1 килограмм үчүн 3,88 АКШ доллары), пастеризацияланган сүттүн (1 литр үчүн 0,65 АКШ доллары) эң төмөн баалары - Минск шаарында, ал эми биринчи сорттогу унга (1 килограмм үчүн 0,46 АКШ доллары) жана кой этине (1 килограмм үчүн 5,18 АКШ доллары) - Бишкек шаарында байкалды.
График: 2021-жылдын мартында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин
борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(килограмм үчүн АКШ доллары)
Үстүбүздөгү жылдын мартында орточо чекене бааларынын деңгээли Бишкек шаарында пастеризацияланган сүткө Нур-Султан шаарында - 1,5 пайызга жана Минск шаарында -3,0 пайызга, уй этине Минск шаарында - 27,3 пайызга, ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында - 28,6 пайызга, Минск шаарында - 8,9 пайызга байкалган баалардан жогору болуп түзүлдү. Муну менен бирге, 2021-жылдын мартында Бишкек шаарында картошкага болгон орточо керектөө баалар Нур-Султан шаарындагы баалардын деңгээлинен 27,5 пайызга өстү.
2021-жылдын мартында ЕАЭБ мамлекеттеринин борбор шаарларындагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы
|
Бишкек ш. |
Нур-Султан ш. |
Москва ш. |
Минск ш. |
Бишкек ш. = 100, пайыз менен |
||||
Уйдун эти |
100 |
105,1 |
112,9 |
72,7 |
Койдун эти |
100 |
118,9 |
144,0 |
- |
Ак (каймак) май |
100 |
200,8 |
316,8 |
184,9 |
Пастеризацияланган сүт, литр |
100 |
98,5 |
147,8 |
97,0 |
Жумуртка, ондук |
100 |
89,5 |
91,9 |
80,6 |
Биринчи сорттогу буудай уну |
100 |
115,2 |
147,8 |
108,7 |
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан |
100 |
71,4 |
158,9 |
91,1 |
Картошка |
100 |
72,5 |
125,0 |
120,0 |
АКШ доллары менен1 |
||||
Орточо айлык эмгек акы2 |
266,3 |
737,5 |
1 220,4 |
710,9 |
Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен |
||||
Уйдун эти |
49,8 |
129,2 |
203,7 |
183,1 |
Койдун эти |
51,3 |
117,7 |
164,7 |
- |
Ак (каймак) май |
71,9 |
97,5 |
104,9 |
103,7 |
Пастеризацияланган сүт, литр |
397,8 |
1 098,4 |
1 238,6 |
1 095,1 |
Жумуртка, ондук |
214,6 |
651,6 |
1 079,9 |
709,1 |
Биринчи сорттогу буудай уну |
583,5 |
1 354,8 |
1 815,4 |
1 423,7 |
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан |
477,9 |
1 830,6 |
1 378,4 |
1 402,1 |
Картошка |
661,6 |
2 541,7 |
2 458,0 |
1 480,6 |
1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 2021-ж февралындагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2021-ж. январындагы - Москва ш. боюнча,
2021-ж. 1-кварталындагы - Нур-Султан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттердин айрым борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай 2021-жылдын мартындагы Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү алардын башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, орточо эмгек акыга Бишкектен 662 килограмм картошка сатып алса болот, ал эми Москвада - 3,7 эсеге көп (2 458,0 килограмм). Нур-Султан шаарында бир айлык эмгек акыга 1,3 тоннадан ашык, ал эми Бишкек шаарында - 2,3 эсеге аз (564 килограмм) биринчи сорттогу унду сатып алса болот.
Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо эмгек айлык акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.
______________________________________________________________________________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
2021-жылдын 30 апрели