mezhdunarodnyj-den-zashhity-detej-cifri-2025
Publications: 01.06.2026
2026-жылдын биринчи кварталында республиканын экономикасынын каржы секторунда 19 камсыздандыруу компаниясы иштеген. Алардын кирешеси 2025-жылдын I-кварталы менен салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйүп, 2,9 млрд. сомду түздү. Мындан тышкары, жалпы кирешенин дээрлик 87%дан ашыгы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен камсыздалган.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча 11 камсыздандыруу компаниясы киреше алса, 6 - зыянга учураган. Таза пайда 2025-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 26%га кыскарып, 80,5 млн сомду түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында камсыздандыруу компаниялары 735 миң камсыздандыруу келишимдерин түзүшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18%га (же 111 миңге) көп. Мындай өсүш автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу ОСАГО (68,5 миңге) жана кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандыруу боюнча келишимдердин (26 миңге) санынын өсүшү менен камсыз болгон.
Түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 72 пайызын ыктыярдуу камсыздандыруу, 28 пайызын милдеттүү камсыздандыруу түздү.
2026-жылдын 1-апрелине карата түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 852 миллиард сомдон ашыгыраак болуп, өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу 2 эсеге өстү.
2026-жылдын биринчи кварталында камсыздандыруу төгүмдөрү 2,5 млрд. сом өлчөмүндө түшкөн, бул өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 1,7 эсеге көп.
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында 14,9 миң камсыздандыруу учуру катталып, анын ичинен кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке касыздандырууга жана туризмге 34%дан туура келди.
Бул мезгилде камсыздандыруу төлөмдөрү 480,7 млн. сомду түздү, бул төлөмдөрдүн көбү ыктыярдуу мүлктүк камсыздандыруудан (146 млн. сом) жана ОСАГОдан (178 млн. сом) түшкөн.
_____________________________________________________________________________________
