Улуттук статистика комитетинде коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу маселелери талкууланды

Publications: 17.11.2026


17-октябрда Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын, Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары З. К. Жумалиевдин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана статистика башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда кеңешме болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткаруу маселелери талкууланды. Мамлекеттик коррупцияга каршы маалыматтык программаны аткарууга, ошондой эле коомдо чынчылдык, абийирдүүлүк жана коррупциялык көрүнүштөрдү кабыл албоо маданиятын калыптандырууга багытталган социалдык роликтерди, маалыматтык буклеттерди жана башка материалдарды даярдоо жана жайылтуу боюнча конкреттүү жана практикалык натыйжаларды камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Иман Мавлянов отчетторду формалдуу түрдө гана тапшыруу менен чектелбестен, пландарда каралган иш-чаралардын реалдуу жана натыйжалуу аткарылышын камсыз кылууга чакырды. Мындан тышкары, ал залда отурган кеңешменин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 537 токтому менен бекитилген коррупциялык укук бузууларды жасоого түртүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартиби тууралуу маалымат берди.

Сөз сүйлөөнүн жүрүшүндө аталган тартиптин негизги жоболору, коррупциялык укук бузууларды жасоого түртүү фактылары жөнүндө билдирүүнүн каралган механизмдери, ошондой эле мындай фактылар тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз убагында маалымдоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.


Last updating: 17.11.2026, 15:32