Улуттук статистика комитетинде сыйлоо аземи болуп өттү
Publications: 01.05.2026
30-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде расмий статистиканы өнүктүрүүгө кошкон жигердүү салымы, жогорку кесипкөйлүгү жана компетенттүүлүгү үчүн сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү.
Сыйлыктарды жана ыраазычылык каттарды Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов тапшырды.
Иш-чарага мекеменин кызматкерлери, ошондой эле чакырылган коноктор жана өнөктөштөр катышты. Аземдин жүрүшүндө расмий статистика тутумунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткан уюмдардын өкүлдөрү, статистикалык маалыматтарды колдонуучулар жана респонденттер белгиленди.
Быйыл өлкөнүн статистика органы Кыргызстандагы биринчи статистика органы түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатат. Мааракелик датага байланыштуу статистика органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин көрсөткөн активдүү колдонуучуларды жана респонденттерди сыйлоого өзгөчө көңүл бурулду.
