Улутстаткомдо «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу жыйын өттү

Publications: 25.06.2026


Бүгүн 24-июнда КР Улуттук статистика комитетинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана КР Министрлер Кабинетинин №211 "Мамлекеттик жарандык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө" токтомунун аткарылышына арналган жумушчу жыйын болуп өттү.

Жыйынга КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М.К. Мураталиев, ошондой эле Улутстаткомдун жетекчилиги жана аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улутстаткомдун аппарат жетекчиси Э.Н. Алымкулова мекемедеги мамлекеттик тил саясатынын абалы жана аткарылып жаткан иштер боюнча баяндама жасады.

Өз кезегинде Улуттук тил комиссиясынын төрагасы М.К. Мураталиев «Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонууга муктаж» аттуу темада баяндама жасап, тилди күнүмдүк ишмердүүлүктө, өзгөчө статистикалык маалыматтарда жана санариптик форматта колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле, жыйында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын адиси Э.М. Желденбаева тарабынан мамлекеттик тил жаатындагы санариптик продуктылар тааныштырылды. Бул долбоорлор тилди өнүктүрүүдөгү технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Жыйындын соңунда тараптар мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын күчөтүү жана статистикалык мекемелерде тил мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлгө алуу боюнча бирдиктүү чечимдерди кабыл алышты.

 

_______________________________________________________________________________________

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда колдонуучулар Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамынын 30-беренесине ылайык алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү.

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматыТел.: +996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg дарек: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)

Биз менен байланышуу:

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download


Last updating: 25.06.2026, 14:36