Улуттук статистика комитетинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешме болуп өттү

Publications: 17.06.2026


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жана ак ниет мамлекеттик башкаруу принциптерин бекемдөө маселелерине арналган кеңешме болуп өттү. Иш-чарага Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын кызматкерлери жана мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын өкүлдөрү онлайн форматта катышышты.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 Жарлыгы менен бекитилген, 2025–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык этика нормаларын сактоосу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу, ошондой эле коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын аткаруу маселелери каралды.

Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын аткаруу боюнча ведомстволук иш-чаралар планын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Кеңешменин катышуучуларына жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча материалдар Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында ачык жеткиликтүү экендиги түшүндүрүлдү.

Талкуунун алкагында мамлекеттик органдардын ишинде мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук принциптерин мындан ары бекемдөөнүн, кызматкерлердин арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруунун жана жарандардын мамлекеттик кызмат системасына болгон ишенимин жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана өз ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган чараларды ырааттуу ишке ашырууда.

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метадайындарды колдонууда колдонуучулар алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматыТел.: +996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg дарек: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)

Биз менен байланышуу:

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download


Last updating: 17.06.2026, 17:07