Республикада кумшекердин орточо чекене баалары өсүп жатат
Publications: 17.11.2021
Улутстатком тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары, 2021-жылдын 16 ноябрына карата абалы боюнча кумшекерге болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 68,95 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 15 сомго же дээрлик 27 пайызга жогорулаганын көрсөттү.
Ошол эле учурда, кумшекердин чекене баалары ушул мезгилде орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Кара-Суу (бир кг үчүн 76,48 сом), Ноокат (бир кг үчүн 75,00 сом), Баткен жана Ош (бир кг үчүн 73,72 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Кербен (бир кг үчүн 65,00 сом), Каракол (бир кг үчүн 65,15 сом) жана Токмок (бир кг үчүн 65,39 сом) шаарларында катталды.
Ноябрда өткөн айга салыштырмалуу республикада кумшекердин чекене баалары 1,2 сомго же 1,8 пайызга жогорулады.
Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын өткөн айга салыштырмалуу Кара-Суу - 7,1 пайызга, Балыкчы жана Баткен шаарларында - 4,5 пайызга өскөнү катталды.
Айрым калктуу конуштарында кумшекердин орточо керектөө баалары
(бир килограмм, сом)
2020 |
2021 16 Ноябрь
|
Четтөө: |
2021 |
Четтөө: |
||
Октябрь |
16 Ноябрь |
|||||
Кыргыз Республикасы |
54,22 |
68,95 |
14,7 |
67,76 |
68,95 |
1,2 |
Каракол ш. |
52,26 |
65,15 |
12,9 |
64,71 |
65,15 |
0,4 |
Балыкчы ш. |
52,98 |
66,66 |
13,7 |
63,82 |
66,66 |
2,8 |
Кербен ш. |
55,00 |
65,00 |
10,0 |
65,00 |
65,00 |
0,0 |
Токтогул ш. |
51,61 |
67,04 |
15,4 |
64,95 |
67,04 |
2,1 |
Джалал- Абад ш. |
55,66 |
71,14 |
155 |
70,96 |
71,14 |
0,2 |
Чаек айылы, Жумгал району |
52,78 |
68,61 |
15,8 |
65,91 |
68,61 |
2,7 |
Нарын ш. |
52,35 |
66,92 |
14,6 |
64,29 |
66,92 |
2,6 |
Исфана ш. |
57,45 |
70,00 |
12,6 |
70,00 |
70,00 |
0,0 |
Баткен ш. |
55,00 |
73,72 |
18,7 |
70,52 |
73,72 |
3,2 |
Кара-Суу ш. |
56,00 |
76,48 |
20,5 |
71,42 |
76,48 |
5,1 |
Ноокат ш. |
55,00 |
75,00 |
20,0 |
74,51 |
75,00 |
0,5 |
Өзгөн ш. |
55,20 |
70,00 |
14,8 |
69,51 |
70,00 |
0,5 |
Покровка айылы, Манас району |
54,42 |
70,00 |
15,6 |
67,67 |
70,00 |
2,3 |
Талас ш. |
52,68 |
67,80 |
15,1 |
66,35 |
67,80 |
1,5 |
Кара-Балта ш. |
49,22 |
69,55 |
20,3 |
69,31 |
69,55 |
0,2 |
Токмок ш. |
50,96 |
65,39 |
14,4 |
64,91 |
65,39 |
0,5 |
Бишкек ш. |
54,07 |
68,10 |
14,0 |
66,77 |
68,10 |
1,3 |
Ош ш. |
57,45 |
73,72 |
16,3 |
72,78 |
73,72 |
0,9 |
_____________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).