Республикада коронавирус инфекциясынан жуктургандардын саны 4,6 эсеге төмөндөдү
Publications: 24.11.2021
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында (COVID-19) коронавирус инфекциясынын катталган лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурларынын саны 2020-жылдын октябрындагы 13 миң учурдан ушул жылдын октябрь айында 2,9 миң учурга чейин азайды.
Октябрда аймактар боюнча калктын коронавирус инфекциясы менен оору-сыркоосу
|
Бардыгы, учурлар |
100 миң калкка карата |
||
2020 |
2021 |
2020 |
2021 |
|
Кыргыз Республикасы |
13 035 |
2 865 |
202 |
44 |
Баткен облусу |
2 418 |
43 |
455 |
8 |
Жалал-Абад облусу |
2 506 |
101 |
204 |
8 |
Ысык-К¼л облусу |
908 |
334 |
184 |
67 |
Нарын облусу |
113 |
22 |
39 |
8 |
Ош облусу |
2 508 |
53 |
185 |
4 |
Талас облусу |
359 |
72 |
135 |
27 |
Ч³й облусу |
1 012 |
745 |
106 |
77 |
Бишкек ш. |
2 432 |
1 466 |
234 |
138 |
Ош ш. |
779 |
29 |
255 |
9 |
Ушул жылдын октябрь айында коронавирустук инфекциянын катталган учурларынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (51 пайыздан ашыгы), Чүй (26 пайыз) жана Ысык-Көл (12 пайызга жакын) облустарына туура келди.
Ушул жылдын октябрь айында калктын 100 миңине алганда оорулардын саны өткөн жылдын октябрь айына салыштырганда 4,6 эсеге төмөндөдү.
Октябрда 100 миң калкка карата (COVID-19) коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны
(учурлар)
__________________________________________________________________________________
Отдел социальной статистики e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.
Пользователи при использовании данных официальной статистики и соответствующих метаданных обязаны ссылаться на их источник. (ст. 30 Закона Об официальной статистике).