Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү байкалды

Publications: 15.05.2026


2026-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукт (ИДП) алдын ала баалоо боюнча 602,8 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 12,4 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь–апрелине салыштырмалуу өсүшү негизги металлдардын (11,6 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки продукцияларынын (17,0 пайызга), тазаланган мунай продукцияларынын (26,5 пайызга), курулуш материалдарынын (39,3 пайызга), транспорт каражаттарынын (1,5 эсеге), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдардын, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (1,6 эсеге), фармацевтикалык (1,8 эсеге) жана химиялык продукциялардын көлөмүнүн (3,0 эсеге) көбөйүшү менен камсыздалды.

Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалып, көлөмү 1,7 эсеге өстү, дүң жана чекене соода – 11,6 пайызга, ошондой эле айыл чарба – 3,0 пайызга көбөйдү.

2026-жылдын январь-апрель айында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,0 пайызды түздү. Муну менен, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз ичимдиктерге баалар - 4,7 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 5,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 1,0 пайызга жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер - 6,6 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы белгиленген. Мында баанын максималдуу өсүшү (8,7 пайызга) Ош облусунда катталган, бул баалардын алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (13,3 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (6,7 пайызга), тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (5,6 пайызга) жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (15,4 пайызга) өсүшү менен шартталган.

2026-жылдын январь-март айларында республиканын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсү 3,4 млрд. АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,0 пайызга азайды. Мында экспорт 13,5 пайызга, импорт 2,3 пайызга кыскарды.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
2026-жылдын январь-март айларында 1,3 млрд. АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,7 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде өз ара сооданын негизги үлүшү Россияга (67,9 пайыз) жана Казакстанга (29,6 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Экспорт                                                                                                   Импорт

Презентациялар:

1. 2025-жылындагы Кыргыз Республикасынын туризм тармагынын негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө

2. 2025-жылдагы коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын (БэФКУ) ишмердигинин көрсөткүчтөрү

****

Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык тутуму болуп саналат, ал рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө зарыл маалымат менен камсыз кылат.

Расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метадайындарды пайдаланууда колдонуучулар алардын булагына милдеттүү түрдө шилтеме берүүгө тийиш (Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамынын 30-беренеси).

Маалымат каражаттары үчүн маектерди уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы
тел.: +996 (312) 625747 e-mail: smi_nsc@stat.kg
Дареги: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)

 

Биз менен байланышуу:

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download

 


Last updating: 15.05.2026, 15:32