Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү уланды

Publications: 14.09.2026


Ички дүң продукт 2026-жылдын январь-августунда, алдын ала баалоо боюнча,
1 396,8 миллиард сомду түздү жана 2025-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 11,0 пайызга жогорулады.

2026-жылдын январь–август айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 600,8 миллиард сомду түздү. Ошол эле учурда, физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь–август айларына салыштырмалуу 108,8 пайызды түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-августуна салыштырмалуу өсүшү негизги металлдардын (3,1 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки продукцияларынын (8,4 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (15,1 пайызга), курулуш материалдарынын (33,4 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдардын, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (44,7 пайызга), транспорт каражаттарынын (46,8 пайызга), тазаланган мунай продукцияларынын (1,8 эсеге), химиялык продукциялардын (2,3 эсеге), ошондой эле  пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (8,9 пайызга) көбөйүшү менен камсыздалды.

Оң тенденциялар ошондой эле курулушта байкалып, анда көлөм 1,6 эсеге, дүң жана чекене соодада - 4,4 пайызга жана айыл чарбасында - 6,4 пайызга көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 7,6 пайызды түздү. Мында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 6,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары - 7,7 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар - 6,1 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери - 11,4 пайызга жогорулады.

Керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалды. Ошону менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (17,3 пайыз) Ош облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз ичимдиктердин (13,8 пайызга), алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын (28,9 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (12,3 пайызга) бааларынын жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (27,0 пайызга) жогорулашынын эсебинен болду.

2026-жылдын январь-июлунда республиканын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 10,0 млрд АКШ долларын түздү жана 2025-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 7,7 пайызга көбөйдү.

2026-жылдын январь-июлунда Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 3,7 млрд АКШ долларын түздү жана 2025-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 5,4 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 2,0 пайызга төмөндөдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 7,2 пайызга көбөйдү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,1 пайыз) жана Казакстанга (32,4 пайыз) туура келди.

 

Презентация: 

Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун 2025 –жылдагы абалы үй чарбалардын бюджеттерине жана жумушчу күчүн интеграциялык тандалма

 

****

 

Республиканын маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыздайт. 

 

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тийиштүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси). 

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кеңири маалымат алуу үчүн кайрылуу дареги:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).

 

Биздин байланыштар: 

 

 

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download

 


Last updating: 14.09.2026, 11:57