2026-жылдын январь-июлунда ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Publications: 14.08.2026


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2026-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 11,1%га жогорулап, 1 172,7 млрд. сомду түздү.    

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 19,9%га, кызмат көрсөтүүчү тармактар 6,1%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 11,2%га жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүүчү тармактарынын үлүшү 49,8%га туура келип, мурунку жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 3,7 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 34,2%ды түздү жана 3,3 пайыздык пунктка жогорулады. Мында, курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0 пайыздык пунктка, өнөр жай – 1,6 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,3 пайыздык пунктка кыскарган.

2026-жылдын январь-июлундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2025

2026

ИДП

1 172 748,0

111,1

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

400 685,3

119,9

30,9

34,2

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

74 985,8

106,0

6,7

6,4

балык уулоочулук

Өнөр жай

229 696,9

111,1

18,0

19,6

Пайдалуу кендерди казуу

30 009,1

116,9

2,3

2,5

Иштетүү өндүрүшү

       

(Иштетүү өнөр жайы)

175 632,3

111,8

13,3

15,0

Электр энергия, газ, буу жана 

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо 

 (жабдуу)

20 824,8

99,8

2,1

1,8

Суу менен жабдуу, тазалоо,

3 230,7

117,3

0,3

0,3

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

Курулуш

96 002,6

160,6

6,2

8,2

Кызмат көрсөтүү тармактары

584 440,4

106,1

53,5

49,8

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

177 225,3

108,4

16,1

15,1

жана мотоциклдерди оңдоо

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

36 216,1

104,2

3,3

3,1

сактоо

Мейманканалар менен ресторандардын 

19 877,3

109,6

1,7

1,7

ишмердиги

Маалымат жана байланыш

28 077,5

107,4

2,7

2,4

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

323 044,2

104,7

29,7

27,5

Продукттарга таза (субсидияларды

       

 эсептебегенде) салыктар

187 622,3

111,2

15,6

16,0

Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.: +996 (312) 324695; 325351

 

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).

 


Last updating: 14.08.2026, 14:48