2019-жылдын I кварталындагы “Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетен”
Publications: 29.05.2019
Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетень 2019-жылдын I кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздуулук абалынын талдоосун камтыйт. Анда азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүүнүн көрсөткүчтөрү, анын калктын жан башына алгандагы керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилген жана системалаштырылган.
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2018-жылдагы 5016 үй чарбанын интеграцияланган изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндөгү тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалымат алуу үчүн «Басылмалар» бөлүмүн караңыздар.
________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын үй чарба статистикасы бөлүмү |
| e-mail:gsamohleb@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).