18-апрелде “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча Тегерек столдун отуруму өтөт
Басылмалардын датасы: 16.04.2018
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети 2018-жылы 18-апрелде саат 09:30да, Бишкек шаарында, Тоголок Молдо көчөсү-52, The Plaza Hotel мейманканасынын конференц-залында “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өткөрөт.
Жыйын Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын статистикасын өнүктүрүү Улуттук стратегиясын ишке ашыруу” (TF 017862) долбоорунун иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат.
Иш-чара, мыйзам долбоорун иштеп чыгууда консултациялык колдоо көрсөтүүчү, мамлекеттик органдардын, коомучулуктун өкүлдөрүнүн жана эл аралык эксперттердин катышуусу менен өткөрүлөт.
Иш-чарага катышууну каалагандардын баары чакырылат.
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы
т.: + 996 (312) 625 559, 625 747
ф: + 996 (312) 660 138
e-mail: smi_nsc@stat.kg,