Вакансии

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - Улутстатком) Улутстаткомдун мамлекеттик жарандык кызматынын улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын улук топторуна коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар: 

Билими:

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  7. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы.

1) Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар: («Тармактык статистика» багыты боюнча);

1. Кесиптик билим деңгээли:

-“Статистика”; “Экономика жана башкаруу” (экономика багыты боюнча); “Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика” (математика жана информатика багыттары боюнча), маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-Жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билими:

-Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын билүү: “Расмий статистика жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө жобо;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүү, аны кызматтык милдеттерин аткарууда колдоно билүү, ошондой эле расмий тилди билүү;

-Мыйзамдарда каралган учурларда кызматкердин ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Билгичтиги:

      -Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

          -Талдоо (анализ) жүргүзүү, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө комплекстүү мамилелерди интеграциялоо;

         -Башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

        -Кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

        -Коюлган милдеттерди чечүүдө жаңычыл мамилелерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

        -Өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

        -Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

        -Конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

        -Статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

        -Кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура   иштешүү.

Көндүмдөрү:

-Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-Түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (тапшырмаларды жана милдеттерди кол алдындагы кызматкерлердин ортосунда сарамжалдуу бөлүштүрүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);

-Маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-Натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

-Ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.

2) Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар: ("кыргыз тили котормочу" багыты боюнча);

1. Кесиптик билим деңгээли:

            -Жогорку кесиптик -  “Гуманитардык илимдер” тармагындагы төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: философия, саясат таануу, лингвистика, филология.

            2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

          -Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3.Кесиптик компетентүүлүк:

    Билими:

-Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын билүү: “Расмий статистика жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө жобо;

 -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-сентябрындагы № 358 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили күнүн белгилөө жөнүндө” Жарлыгы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому;

Билгичтиги:

      -Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

          -Талдоо (анализ) жүргүзүү, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө комплекстүү мамилелерди интеграциялоо;

         -Башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

        -Кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

        -Коюлган милдеттерди чечүүдө жаңычыл мамилелерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

        -Өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

        -Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

        -Конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

        -Статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

        -Кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура   иштешүү.

Көндүмдөрү:

-Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-Түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (тапшырмаларды жана милдеттерди кол алдындагы кызматкерлердин ортосунда сарамжалдуу бөлүштүрүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);

-Маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-Натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

-Ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү.

            Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук форматта билдирме бере алышат. Билдирмеге электрондук форматтагы документтер (сканерден өткөрүлгөн варианттары) же  скоросшивателге тигилген кагаз түрүндөгү төмөнкү документтер тиркелет:

Административдик кызмат ордунун тобу көрсөтүлгөн жеке арыз;

Резюме (электрондук почтасы жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүсү тийиш);

Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүсү тийиш);

Негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт).

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүүсү тийиш.

Мамлекеттик жарандык кызматка кирүү кадрлар резервинен бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

Конкурс тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун www.stat.kg

 веб-сайтында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg

 сайтында жайгаштырылган.

            Тез түптөгүчкө тигилген документтерди 2026-жылдын 2-июнунан 11-июнуна чейин (ишемби жана жекшембиден сырткары), саат 8:30дан 17:30га чейин (тыныгуу 12:00-13:00) төмөнкү дарек боюнча тапшыруу зарыл:

720033, Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, № 374, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, № 309 кабинет, тел. 66-41-65.

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кара-Суу райондук статистика башкармалыгына, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондук статистика бөлүмдөрүнө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, административдик мамлекеттик улук кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек:

- улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө квалификациялык талаптар (У-А, У-Б):

- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

- мамлекеттик жарандык кызмат үчүн - 21 жаштан жаш болбоого;

- кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
  7. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы.

Кесиптик билими:

- жогорку билими (“Экономика жана башкаруу” багыты боюнча “Экономист”, “Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика” багыты боюнча, “Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар”,  “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери” багыттары боюнча).

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциялар:
- төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактарды мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын: “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жобосу”;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабры № 308 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жобо.

билгичтиги:

- маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны     практикада колдонуу;

- кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;

- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- жаңы эмгек шарттарына көнүү;

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик же/жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- командада иштөө.

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- оргтехника менен иштөө;

- көчүрүүчү машиналар менен иштөө;

- принтер менен иштөө;

- сканер менен иштөө;

- проектор же интерактивдүү доска менен иштөө;

- факс менен иштөө.

көндүмдөрү:

- Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- Ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

- Компьютердик жана уюштуруу техникасын, ошондой эле керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү;

- Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк).

Конкурска катышууга ниеттенген талапкерлер арызды электрондук форматта «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу тапшыра алышат. Арызга документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) же скоросшивателге тигилген кагаз түрүндөгү форматта тиркелүүгө тийиш:

- административдик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;

- резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);

- автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

 - дипломдун көчүрмөсү (түп нускасын көрсөтүү менен);

 - негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

 - эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш тажрыйбасы бар болсо):

 - паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт)

            Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүшү керек.

амлекеттик жарандык кызматка кирүү кадрлар резервиндеги бош кызмат ордуна талапкер болгон талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

Конкурс жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун веб-сайтына https://stat.gov.kg/ жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтында https://mkk.gov.kg жайгаштырылды.

Документтер жарыя берилген күнүнөн тартып 10 календарлык күн ичинде (ишемби жана жекшембиден тышкары) саат 8:30дан 17:30га чейин (тыныгуу 12:00-13:00) төмөнкү даректе кабыл алынат:

Дареги: Ош ш., Курманжан-Датка к. 236, Ош облустук статистика башкармалыгы, 3-кабат, 316-кабинет. Байланыш номуру: 03222 7-10-22

Сынак өтүү күнү жана өтүү орду кошумча маалымдалат.

Акыркы жаңылоо: 02.06.2026, 08:51