26-июнь - Баңгизатка жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнү

Басылмалардын датасы: 25.06.2021


Бул күн 1987-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишмердүүлүгүн чыңдоо жана баңгиликтен арылткан дүйнөлүк коомчулукту түзүү чечкиндүүлүгүнүн далили катары негизделген. Бул чечимдин кабыл алынышына баңги заттарды колдонуу жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Эл аралык конференциянын сунуштары негиз болгон.

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча өз улутунун ден-соолугуна кам көргөн адамдар баңгилик сыяктуу коркунучтуу көрүнүшкө каршы күрөшүүдө биригиши керек. Дал ушул максатта баңгиликке каршы Бүткүл дүйнөлүк күн белгиленип, адамзатка ушул зыяндуу ооруну эскертип өттү.

2020-жылдын аягында республиканын наркологиялык мекемелеринде баңги заттардан көз карандылык менен ооругандар 8,5 миң адам катталган же калктын 100 миңине 128 адам туура келет. Катталгандардын жалпы санынын болжол менен 6% аялдардын үлүшүнө туура келген.

2020-жылы баңги затын колдонгондордун 61% га жакыны инъекциялык ыкмасын колдонушкан, бул опиаттар тобуна таандык, негизинен героинди колдонгондор жана 31%дан ашыгы кара куурай баңги заттарына (чегүү менен) көз карандылыгы боюнча байкалган. Баңги заттарды колдонуу республиканын бардык аймактарында кеңири таралган, бирок баңги затын колдонгондордун эң көп саны Бишкек шаарында, Ош шаарында жана Чүй облусунда катталган.

2020-жылы баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу 1 110 кылмыш жана жоруктар катталган. Алардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына (23,2%), Чүй (22,6%) жана Жалал-Абад (16,3%) облустарына туура келген.

2020-жылы баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу кылмыштар жана жоруктар

2020-жылы кармалып алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун эң чоң үлүшү (болжол менен 63%) прекурсорлорго (күкүрт жана туз кислотасы жана башкалар), ошондой эле (21% дан жогору) кара куурай тобуна (май, саман, кара куурай өсүмдүгү, ошондой эле марихуана жана гашиш) туура келген.

Кармап алынган баңги каражаттарынын түрлөрү, психотроптук заттар жана прекурсорлор
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

__________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 32 46 52

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 25.06.2021, 16:18