30 - майда Улутстаткомдо пресс-конференция өткөрүлөт
Басылмалардын датасы: 29.05.2017
Эртең, 2017-жылы 30-майда, эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети төмөнкү маселе боюнча пресс-конференция өткөрөт:
ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара соода жүргүзүү боюнча статистикалык көрсөткүчтөрдү түзүүнүн методикасы:
- Өз ара соода жүргүзүү боюнча статистикалык көрсөткүчтөрдү түзүүнүн методологиялык аспекттери;
- “ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара соода жүргүзүү жөнүндө отчет” (ай сайын) мамлекеттик статистикалык отчеттуулук №1- форма - өз ара соода;
- Физикалык жактар менен жүргүзүлүүчү, Казахстан Республикасы менен чек арада товардык жүгүртүүүгө бирмезгилдүү тандама байкоо жүргүзүү;
- Маалыматтардын сапатын камсыздоо.
Пресс-конференцияга катышууну каалагандардын баары чакырылат.
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы
т.: + 996 (312) 625 559, 625 747
ф: + 996 (312) 660 138
e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).