31 - мартта Улутстаткомдо журналисттер менен жолугушуу өткөрүлөт
Басылмалардын датасы: 30.03.2017
Эртең, 2017-жылдын 31-мартында, эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети, пресс-клубдун ишинин чегинде, республиканын статистикалык органдарынын жүргүзүп жаткан иштери, эсептөөлөрдүн методологиялары, көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгуу боюнча кененирээк түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн, журналисттер менен жолугушуу өткөрөт.
Жолугушууда төмөнкү презентациялар түшүндүрүлүп берилет:
- Жалпы ички өндүрүмдү эсептөө ыкмалары – Кудербаева Алмагүл Мирбековна -Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын улуттук эсептер системасы жана экономикалык баланстар бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын калкынын ички миграциясы – Таипова Тамара Сабыровна – Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмүнүн башкы адиси;
- Орточо айлык акы, калктын жумуш менен камсыздыгы – Жайлобаева Гүлнара Жылкычиевна - Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы.
Журналисттер менен жолугушууга катышууну каалагандардын баары чакырылат.
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы
т.: + 996 (312) 625 559, 625 747
ф: + 996 (312) 660 138
e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).