КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 60 - отуруму Бишкекте өтүп жатат

Басылмалардын датасы: 05.09.2019


Бишкекте бүгүн 2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчиси А. Султановдун төрагалыгынын алдында КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 60 - отуруму өтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин Биринчи орун басары Алмаз Кененбаев отурумдун катышуучуларына  саламдашуу сөзү менен кайрылды. 

Бул отурумда КМШ өлкөлөрүндө өтө турган 2020 раундунун эл каттоо боюнча маселелери, КМШнын аймагында ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн мониторингин уюштуруу боюнча КМШнын Статкомитетинин иштерин,  КМШнын аймагында «Айыл чарба жана айыл статистикасын жакшыртуунун глобалдуу стратегиясын» ишке ашыруу, КМШнын Мамлекеттер аралык комитетинин статистикалык иштеринин 2020-жылга карата Программасынын долбоорун, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин жетекчилеринин Кеңешинин ишмердиги жана КМШнын Мамлекеттер аралык комитенинин иштери тууралуу отчету  каралат.

 

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел. 625747


Акыркы жаңылоо: 05.09.2019, 17:02