8-МАРТ – Эл аралык аялдар күнү: цифралар жана фактылар
Басылмалардын датасы: 05.03.2018
Кыргыз Республикасында 8-март күнү Эл аралык аялдар күнү болуп белгиленет.
Республиканын калкынын жалпы санынан аялдардын салыштырмалуу салмагы - 50,5% түзүп, көп мезгилден бери өзгөрүүсүз калып келүүдө. Республикада 2017-жылдын башында аялдардын саны 3 097,7 миң адамды түзгөн.
Мурдагыдай эле, республиканын аялдарынын үчтөн экиси – айыл тургундары, ал эми ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында жашашса, ар бир алтынчы аял Бишкек шаарында жашайт.
Аялдар жашаган жерлер |
|
Шаар жерлеринде (миң адам жана %) – 1 089,1 миң адам, же 35,2% |
Айыл жерлеринде (миң адам жана %) – 2 008,6 миң адам, же 64,8% |
Эмгекке жөндөмдүү жаштагы аялдардын жумуш менен камсыздалган деңгээли - 50% түзөт. Иштеген аялдардын орточо жашы 38 жашты түзөт. Өлкөнүн экономикасында иштеген ар бир алтынчы аялдын жашы 25-29 жаш курагындагылар. «Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө», «билим берүү», «кыймылсыз мүлк менен жүргүзүлүүчү операциялар», «мейманканалар жана ресторандар» сыяктуу иш-аракеттердин артыкча ушул түрлөрү «аялдардын» жумушу болуп саналат.
2016-жылы никеге турган аялдардын саны 47,8 миңди түзгөн.
Аялдар 18-25 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет.
Ушул эле учурда биринчи жолу үй-бүлө түзгөн аялдардын саны 45,3 миңди түзгөн.
Никеге турган ар бир экинчи аял 20–24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18–19 жаш курагында болгон.
2016-жылы никеге биринчи жолу турган аялдардын орточо жашы 23,7 жашты, ал эми экинчи жолу никеге тургандардын орточо жашы - 36,8 жашты түзгөн.