Азамат Оросбав Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
Басылмалардын датасы: 09.08.2016
Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Оросбаев Азамат Токтогонович Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Бүгүн Азамат Оросбавди Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин коллективине тааныштырышты.
Оросбаев Азамат Токтогонович Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде 2003-жылдан бери, адис, башкы адис, бөлүм башчысы, экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы кызматтарында иштеп келген.
Жогорку билимдүү: Бишкек гуманитардык университетинде “дүйнөлүк экономика” адистигин – “артыкчылык” диплому, Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясында “юриспруденция” адистигин – “артыкчылык” диплому, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдында Экономика жана финансы институтун “артыкчылык” диплому менен аяктап, экономиканын магистри даражасы берилген.
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы
т.: + 996 (312) 625 559, 625 662, ф: + 996 (312) 660 138
e-mail: smi_nsc@stat.kg
