Басылмалардын датасы: 04.12.2024
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрдагы №270 токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдарга аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында, биринчи жолу аялдардын ишкердигин кредиттөөнү мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн системасы иштелип чыгып, статистикалык отчеттуулукка киргизилген.
2024-жылдын январь-сентябрь айларында республикада экономика субъекттерди кредиттөө 21 коммерциялык банк жана 581 банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар тарабынан ишке ашырылган. Ушул жылдын башынан бери алар 2,7 млн. кредит берген, анын ичинен дээрлик 294 миңи же 11%га жакыны бизнес максаттар үчүн жеке адамдарга берилген кредиттердин үлүшүнө туура келген.
Мындай кредиттерди 142 миңден ашык аялдар алган, бул жеке адамдарга берилген кредиттердин жалпы көлөмүнүн 48%ын түзөт. Ошол эле учурда банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарда ишкердик үчүн жеке аялдарга берилген кредиттердин үлүшү 55%ды, ал эми коммерциялык банктарда 40%ды түзгөн.
2024-жылдын январь-сентябрь айларында банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар тарабынан кредиттөө
|
Бардыгы
|
анын ичинде
|
коммерциалык бактар
|
банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар
|
Берилген кредиттердин саны, миң
|
2 696
|
1 358
|
1 338
|
анын ичинде:
|
|
|
|
жеке адамдарга берилген кредиттер,
бизнес максаттары үчүн
|
294
|
135
|
159
|
анын ичинен аялдарга
|
142
|
54
|
88
|
Жеке адамдарга бизнес максаттар үчүн кредиттер, млрд. сом (мезгилдин аягына карата)
|
73,9
|
57,2
|
16,7
|
анын ичинен аялдарга
|
27,3
|
18,2
|
9,0
|
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата жеке адамдарга бизнес максаттар үчүн берилген кредиттердин жалпы көлөмү 74 миллиард сомго жакын болду, анын көлөмүнүн дээрлик 37 пайызы же 27 миллиард сому аялдардын үлүшүнө туура келди. Ошол эле учурда ишкер аялдарга 18 миллиард сомдон ашык кредит коммерциялык банктар тарабынан, ал эми 9 миллиард сому банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар тарабынан берилген.
_______________________________________________________________________________________
Финансы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 626073, 625591
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).