Облустар жана Бишкек, Ош шаарларынын туруктуу калкынын саны айрым улуттарга карата
Басылмалардын датасы: 27.07.2016
2016-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Улутстаткому тарабынан Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын 2009-2016-жылдардагы саны тууралуу маалымат айрым улуттарга карата көрсөтүлгөн.
Азыр Кыргыз Республикасынын Улутстаткому пайдалануучуларга ушул эле маалыматты облустар жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча сунуштайт (караңыз: Статистика → Калк → Ыкчам маалымат → Облустар жана Бишкек, Ош шаарларынын туруктуу калкынын 2009-2016-жылдардагы саны, айрым улуттарга карата).
Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмү e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; тел. + 996 (312) 325336.
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).
