Иш менен камсыз болгондордун саны өстү, жумушсуздардын саны төмөндөдү
Басылмалардын датасы: 24.07.2023
Бул жөнүндө Улутстатком 2022-жылдагы тарабынан өткөрүлгөн үй-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары күбөлөндүрөт.
2022 - жылы изилдөөнүн маалыматтары боюнча 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушчу күчүнүн саны 2 млн. 713 миң адамды түздү, алардын ичинен 2 млн. 581 миң - иштегендер жана 131 миңден ашык - жумушсуздар. Мында 2021 - жылга салыштырмалуу 15 жана андан улуу жаш курактагы иштеген калктын саны 2% көбөйдү, ошол эле убакытта жумушсуздардын саны 8% азайды. Экономикада иштегендердин жалпы санында иштеген эркектердин саны (1 млн. 584 миң) иштеген аялдардын санынан (997 миң) ашты.
2022-жылы калктын иш менен камсыз болуу деңгээли 2021-жылга салыштырмалуу өзгөргөн жок жана 57% деңгээлде сакталып калды. Эркектердин арасында иш менен камсыздуулук деңгээли (72% - жакыны) аялдарга караганда (43%) жогору. Жумушсуздуктун деңгээли 4,9% түзүп 2021-ж. салыштырмалуу 0,4 пайыздык пунктка төмөндөдү.
Эмгек жана иш менен камсыз кылуу
статистикасы бөлүмү |e-mail: jailobaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 62 60 76
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).