Сандар жана фактылар: Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 10.05.2024


Жыл сайын 10-майда Кыргызстандын банк системасынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет. Республиканын банк сектору экономиканын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, экономиканын өсүшүнө жана туруктуулугуна чоң салым кошот.

2023-жылы республиканын банк системасында Улуттук банк жана 23 коммерциялык банк, анын ичинде чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен 13 банк иш жүргүздү. Республиканын региондорунда алардын 327 филиалы иштейт. Банк сегментинде иштеген кызматкерлердин саны 21 миң адамды түзгөн, ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны 11 миллиондон ашкан. Мында өткөн жылдагы кардарлардын эсептеринин саны дээрлик 3 млн. эсепке (же 35%га) көбөйгөн, бул мобилдик банкинг системасынын өнүгүшү жана ага республиканын калкын тартуу менен камсыздалган.

2023-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин чегерилген номиналдуу орточо айлык эмгек акысы мурунку жылдын деңгээлине салыштырмалуу дээрлик төрттөн бирге көбөйүп, 62 миң сомду түзгөн.

2023-жылы банк секторунун кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 16%га көбөйүп, 107 млрд. сомдон ашты.

Экономиканын банк секторунун ишмердигинин көрсөткүчтөрү

(млрд. сом)

 

2022

2023

Кирешелер

92,6

107,4

Чыгымдар

57,8

68,6

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык

34,7

38,7

Активдер

877,2

1 058,8

Милдеттенмелер

740,6

881,6

Капитал

136,6

177,2

    анын ичинде: уставдык капитал

47,0

63,5

 

2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана 22 коммерциялык банк пайда алышты, ал эми бир банк жылды чыгаша менен аяктаган. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык оң болуп түзүлгөн жана мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 4 млрд. сомго көбөйүп, 39 млрд. сомго жакын пайданы түздү.

Экономиканын банк секторунун суммардык активдери бир жылдын ичинде дээрлик 21%га көбөйдү жана 2023-жылдын аягына карата 1 трлн. 58,8 млрд. сомду түздү, мында алардын ИДПга карата үлүшү 86%га жетти Активдердин наркынын 58%га жакыны коммерциялык банктар, ал эми 42%ы Улуттук банк тарабынан түзүлдү.

___________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;          |тел. + 996 (312)  626073,625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

2024-жылдын 10-майы


Акыркы жаңылоо: 10.05.2024, 09:30