Энелер күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 19.05.2024


Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2012-жылдан тартып Энелер күнүн белгилөө бекитилген, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Кыска мөөнөткө карабай, бул майрам өз салтына ээ болууга жетишти. Бул күнгө жакын бала бакчаларда балдар өз кол чеберчиликтери менен ачык каттарды  жана белектерди, майрамдык концерттерди даярдашат.  Мектептерде энелер темасына арналган лекциялар, ар кандай жолугушуулар өткөрүлөт. Телекөрсөтүүдө бул майрамга арналган  берүүлөр көрсөтүлөт.

Энелер күнү үй-бүлө очогун сактоочуларга – энелерге таазим кылууга жана сый-урмат  көрсөтүүгө үндөйт.

Республикада 2024-жылдын 1-январына карата 3 млн. 619 миң аял бар же алар калктын жалпы санынын 50,5%ын түзөт. Мында шаар жерлеринде     1млн.311 миң аял (алардын жалпы санынын 36% дан ашыгы), айыл жерлеринде 2 млн. 308 миң аял (дээрлик 64%) жашаган.

2023-жылы энелердин төрөгөндөгү орточо жаш курагы мурунку жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөп, 28,3 жашты түздү (2022-ж. – 28,4 жаш), шаардык жана айылдык калктуу конуштарда мурунку деңгээл сакталды жана тиешелүүлүгүнө жараша 28,9 жана 28,1 жашты түздү.

2023-жылы республикада 146 миңге жакын аял эне макамына ээ болушту. Маалыматка ылайык, биринчи баласын төрөгөндөгү энелердин орточо жашы 23-24 жаштын тегерегин түзөт жана өмүр бою орто эсеп менен үч балалуу болот, бул  жогору көрсөтмө болуп эсептелинет.

Төрөттүн деңгээли жөнөкөй көбөйүү деңгээлине чейин көбөйгөн көптөгөн КМШ өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кыргызстанда калктын кеңири көбөйүшү камсылдалууда, т.а., өлкөнүн саны көбөйүүдө.

2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөгөндөрдүн саны көбөйгөнү байкалган. Алсак, 2023-жылы 1298 эгиз (2022-жылы - 1001) жана 14 үч эм (2022-жылы - 4) төрөлгөн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча төрөттөрдүн ортосундагы аралык эки жылдан аз убакытты түзгөн төрөттөрдөн балдардын төрөлүшүнүн үлүшү 33,5%дан ашкан, ал эми аралыгы үч жылды түзгөндөр 42,1%ке жакындаган. Бирок изилдөөнүн маалыматтары күбөлөндүрүп тургандай, бала төрөөнүн эки жылдан аз аралыгы жана тез-тез төрөө аялдарда аз кандуулукту, ошондой эле кош бойлуулук жана төрөт учурунда кыйынчылыктарды жаратат.  

2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү белгиленүүдө. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен 3,0 бала туура келген, бул биздин өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү.

____________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).  


Акыркы жаңылоо: 19.05.2024, 10:41