Сандар жана фактылар. Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 06.07.2024


Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде республиканын медицина уюмдарынын кызматкерлери  Медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.

2023-жылы 193 оорукана уюму, 43 алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү  уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станция жана бир миңден ашык фельдшердик-акушердик пункт калкка медициналык жардам көрсөттү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында курамына 232 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун камтыган 57 жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору иш жүргүзгөн.

2023-жылы 13 миңден ашык дарыгер жана 34 миңден ашык медайым калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 19 дарыгер жана 48 орто медициналык кызматкер туура келет.

 

2023-жылдагы дарыгерлердин жана орто медициналык кызматкерлердин саны

(калктын 10 000ине)

 

Саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлердин номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акысы 2023-жылы 9 пайызга көбөйүп, 20 739 сомду түзгөн.

 

____________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 32 46 52, 66 40 42.

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмү  | e-mail: jailobaeva@stat.kg;    | тел. + 996 (312)  626076

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 09.07.2024, 10:24