Эгемендүүлүк күнүнө карата

Басылмалардын датасы: 30.08.2024


Урматтуу мекендештер!
Сиздерди ар бир атуул үчүн зор мааниге ээ болгон  Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүк күнү жана ошондой эле  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!
Көз карандысыздык күнү Республикабыздын негизги мамлекеттик майрамы жана эркиндигибиздин, биримдигибиздин өзгөчө символу болуп эсептелет.
 
Биздин мекенчил жарандарыбыз ар тармактарда үзүрлүү эмгектенишип, мамлекетибиздин социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттарында өздөрүнүн барандуу салымдарын кошуп келишүүдө.
 
Өлкөбүздүн өнүгүүшүнө статистика тармагынын кызматкерлери да эмгектенип келе жатат.
Борбор калаабыз Бишкектен баштап, мамлекетибиздин бардык шаарларында, райондорунда жана облустарында статистика тармагынын кызматкерлери үзүрлүү эмгектенишип, мекенибиздин реалдуу турмушун чагылдырган статистикалык маалыматтарды өз убагында даярдап, калың элге тартуулап келүүдө.
 
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздердин ар бириниздерге чын ден соолук, бейпил турмуш, үй-бүлөдөгү бакыт, жаштарыбызга майнаптуу жаратман эмгек, карыяларыбызга дөөлөттүү карылык каалап кетмекчимин!
Майрамыныздар менен!
 
Урматтоо менен,
Улутстаткомдун төрагасы
Бактыбек Кудайбергенов
 

Акыркы жаңылоо: 02.09.2024, 16:43