Республиканын экономиканын каржы сектору тарабынан 2021-жылы 20 млрд. сомдон ашык пайда алынды
Басылмалардын датасы: 20.04.2022
2021-жылы экономиканын каржы секторунда 620 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциалык банк, 580 банктык эмес каржылык-насыялык уюм, 14 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишин жүргүздү.
2021-жылы экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 20% көбөйүү менен 64 миллиардга жакын сомду түздү, бул банк секторунун, микронасыялык уюмдардын жана күрөөканалардын кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду.
Каржы секторунун уюмдарынын чыгымдары 2021-жылы 11% өстү жана 43,4 млрд. сомду түздү.
Экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү
(млн. сом)
|
Кирешелер |
Жалпы чыгымдар |
Сальдолоштурулган |
|||
2020 |
2021 |
2020 |
2021 |
2020 |
2021 |
|
Бардыгы |
53 246,3 |
63 957,4 |
39 110,5 |
43 450,7 |
14 135,8 |
20 503,2 |
Банктар |
43 870,9 |
52 677,6 |
32 813,6 |
35 677,6 |
11 057,5 |
16 995,9 |
Күрөөканалар |
448,2 |
1 311,7 |
312,9 |
1 101,3 |
135,2 |
210,4 |
Насыялык бирикмелер |
242,7 |
240,4 |
173,9 |
189,7 |
68,8 |
51,5 |
Микронасыялык уюмдар |
6 880,9 |
8 081,4 |
4 314,0 |
5 109,5 |
2 566,9 |
2 971,7 |
Камсыздандыруу уюмдар |
1 739,7 |
1 588,5 |
1 464,8 |
1 331,9 |
274,8 |
256,6 |
Инвестициялык фонддор |
8,6 |
5,9 |
1,7 |
1,8 |
6,9 |
4,1 |
Башка уюмдар |
55,3 |
51,9 |
29,6 |
38,9 |
25,7 |
13,0 |
Жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын каржы секторунда оң сальдолоштурулган каржылык жыйынтык 20,5 млрд. сом суммасында пайда алынды, бул 2020-жылга караганда 45% көп. Пайданын өсүшү банктар менен камсыздалган, алардын үлүшүнө каржылык секторунун жалпы суммардык пайданын көлөмүнүн 83,0% туура келген, ошондой эле микронасыялык уюмдар (14,5%) менен камсыздалган.
2021-жылы каржы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынан 67% түздү, ал эми 16% жакын уюмдар чыгаша алды.
Жалпы экономиканын каржы секторунун активдеринин кирешелүүлүгү 3% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли (10%) микронасыялык уюмдардын жана күрөөканалардын арасында байкалды.
2021-жылдын аягына карата банктардын жана банктык эмес каржылык-насыялык уюмдардын насыялык портфелинин суммардык көлөмү 211 млрд. сомду ашты. Банктык секторуна насыялардын жалпы көлөмүнүн 85,6%, банктык эмес каржылык-насыялардын уюмдарынын секторуна - 14,4% туура келди. Насыялануунун негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 26%), айыл чарба (20%), керектөө муктаждыктары (16%), ипотека (10%) жана курулуш (8% жакыны) болуп саналды.
___________________________________________________________
Каржы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 626073, 625591
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
2022-жылдын 20-апрели