Республикада дан эгиндерин жыйноо аяктоодо

Басылмалардын датасы: 16.10.2023


Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндеринин абалы боюнча (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 545,7 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 0,6% көп. Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 1,4 млн. тонна дан жыйналды, бул 19% аз. Эгиндин көлөмүнүн азайышы өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата салыштырганда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 20% төмөндөшү менен шартталган.

Жалпысынан республика боюнча дан өсүмдүктөрүнүн жыйналган аянты 93% түздү.

23-сентябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы
   (миң тонна)

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата

 

2022

2023

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га

542,5

545,7

3,2

100,6

Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (алгачкы кабыл алынган салмакта)

1692,5

1369,4

- 323,1

80,9

1 гектардан, ц

31,2

25,1

- 6,1

80,4

Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган

салмакта)

623,3

458,0

- 165,3

73,5

1 гектардан, ц

26,8

20,0

- 6,8

74,6

Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган

салмакта)

571,8

385,6

- 186,3

67,4

1 гектардан, ц

24,5

16,1

- 8,4

65,7

Жыйналган дан жүгөрү

494,8

526,9

32,1

106,5

1 гектардан, ц

66,1

68,7

2,6

103,9

Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта)

74,5

64,4

- 10,1

86,4

1 гектардан, ц

15,5

14,5

- 1,0

93,5

Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр

16,6

12,6

- 4,0

75,7

   1 гектардан, ц

10,6

9,8

- 0,8

92,5

Казылган картошка аянты, миң га

56,2

57,0

0,8

101,5

Жыйналган картошка

933,6

967,0

33,4

103,6

    1 гектардан, ц

166,2

169,7

3,5

102,1

Жыйналган жашылчалар

930,0

1005,9

75,9

108,2

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү

222,2

231,0

8,8

104,0

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү

195,8

197,3

1,5

100,8

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы абанын аномалдуу жогору температуранын кесепетинен вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы – 26,5%, арпанын жыйымы – 32,6 % кыскарды.

Жаздагы температуранын өзгөрүшү дан буурчак жана май өсүмдүктөрүнүн өсүп жетилишине таасирин тийгизген. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата 44,3 миң гектар аянттан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата 8% аз, ал эми май өсүмдүктөрү 12,8 миң гектар аянттан жыйналды, же 18% аз.

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу жашылча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымынын 8,2%, дан жүгөрү 6,5%, бакча өсүмдүктөрү  4%, картошка 3,6% жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 0,8% олуттуу көбөйүшү белгиленди.

 

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 16.10.2023, 10:48