Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын январындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 09.02.2023


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын январындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат бөлүшөт, 2023-жылдын башына карата жүргүзүлгөн мал жана үй канаттууларын саноо жөнүндө маалымат берет, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соода чөйрөсүндөгү негизги тенденциялар жөнүндө айтып беришет.

Өтө турган убактысы:      2023-жылдын 10-февралы, башталышы саат 14:00.
Өтө турган жери:    Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

 

Баяндамачылар:

  • Шокенов Бакытбек Кубанычбекович– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Мурсабекова Гульзейнеп Турдубековна – Айыл чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Сулайманова Гульсара Назарбековна - тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Рахманова Жылдыз Жалиловна – социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы.

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(559) 79-53-54, Тукашева Айзада.
e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 

 


Акыркы жаңылоо: 10.02.2023, 13:05