ПРЕСС-АНОНС: 2023-жылдын январь-февраль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары
Басылмалардын датасы: 10.03.2023
Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Алдыдагы маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2023-жылдын январь-февраль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүшүп, 2022-жылдагы айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн жыйынтыктары жана 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн жана жоюлган жумуш орундары тууралуу маалыматтарды беришет.
Өтө турган убактысы: 2023-жылдын 11-марты, башталышы саат 10:00
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
Баяндамачылар:
- Орозбаева Айнура Джантаевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
- Мурсабекова Гульзейнеп Турдубековна – айыл чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
- Жайлобаева Гульнара Жылкычиевна – эмгек жана иш менен камсыздоо статистикасы бөлүмү.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(559) 79-53-54, Тукашева Айзада. e-mail: smi_nsc @ stat.kg
Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыздар.
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Биз жеткиликтүүбүз: |
тел.625747 |