2015-жылдагы республиканын социальдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары Улутстаткомдо өткөн пресс-конференцияда берилди

Басылмалардын датасы: 14.01.2016


Бүгүн, 2016-жылдын 14-январында Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык абалынын негизги жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Осмоналиев маалымдагандай, 2015-жылдагы ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча 424 миллиард сомго жакындады жана мурунку жылга салыштырганда 3,5 пайызга көбөйдү. Ошону менен бирге ИДПнын түзүмүндөгү эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, алар ИЛПнын жалпы көлөмүнүн 50 пайызга жакынын түздү, өнөр жайдын үлүшү 15 пайыздан ашса, айыл чарбасынын үлүшү 14 пайызды түздү, курулуштун үлүшү 8 пайыздан ашты.

2015-жылдагы өнөр жай продукцияларынын көлөмү 175 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын январь-декабрына салыштырганда 4,4 пайызга төмөндөдү.

Айыл чарбасынын дүң продукциясынын өткөн жылдагы өсүшү өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыздалды.

2015-жылдагы негизги капиталга инвестициянын көлөмү 120 млрд. сомдон ашты, бул 2014-жылга караганда 8 пайызга көп. Инвестициялардын көлөмүнүн 58 пайызга жакыны ички булактардын эсебинен каржыланды.

2015-жылы дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 428 миллиард сомду түздү жана мурунку жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга өстү.

Дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн өсүшү мотор майларын сатуунун жана чекене сооданын көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталды.

Жалпысынан 2015-жылы (2014-ж. декабрына салыштырганда) керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли 3,4 пайызды түздү, ал эми 2014-жылы  10,5 пайызды түзгөн.

2014-жылдын декабрына салыштырмалуу алкоголдук суусундуктардын жана тамекинин (12,4 пайыз), ошондой эле азык-түлүктүк эмес товарлардын (12,3 пайыз) баалары эң көп деңгээлде жогорулады. Тейлөөлөрдүн тарифтери өткөн жылы жалпысынан 6,7 пайызга кымбаттады. Ошону менен бирге Акылбек Осмоналиев белгилеп өткөндөй, азык-түлүк товарларынын өткөн жылдагы керектөө баалары 2014-жылдын декабрына салыштырганда 4,2 пайызга төмөндөдү.

 

Республиканын тышкы соода ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү менен мүнөздөлдү. Маселен, 2015-жылдын январь-ноябрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда дээрлик 24 пайызга кыскарды. Ошону менен бирге экспорттук түшүүлөрдүн да, импорттук түшүүлөрдүн да азайганы белгиленди.   

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын начальниги Каныкей Оросбаева катышуучуларга статистикалык маалыматтарды өндүрүүчүлөр менен колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан республика жана анын региондору боюнча 140тан ашык социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берген, кыргыз, орус жана англис тилдериндеги, беш жылдык динамикадагы, таблица жана графиктик сүрөттөр түрүндөгү STATKG мобилдик тиркемеси иштеп чыгарылгандыгын маалымдады.

Андан соң катышуучуларга Улутстаткомдун бөлүм башчыларынын өткөн жылдагы экономиканын жана социалдык чөйрөнүн айрым тармактарындагы иштердин абалын мүнөздөгөн маалыматтары берилди.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы,

т.: + 996 (312) 625 559, 625 662

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg;

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).


Акыркы жаңылоо: 14.01.2016, 15:04